📢 Полезная информация!!!

📢 Полезная информация!!!

Освещение статьей в газете "Ыссык-көл кабарлары" жителей Иссык-Кульской области информацией о реализуемом проекте ПУРСВС села Боз-Бешик Джети-Огузского района в.

Points

👏👏👏👏👏👏👏👏

МАЙДА БИРОК, МААНИЛҮҮ КҮН Жакында Жети-Өгүз районунун Боз-Бешик айылындагы Жайнак Желдеңбаев атындагы орто билим берүү мектебинде мугалимдер жааматынын жана окуучулардын демилгеси менен уюштурулган эл аралык даараткана күнүнө карата чакан иш- чара өттү.

Иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айылдык кеңештин депутаттары, айылдык ден-соолук комитетинин мүчөлөрү, мектеп мугалимдери жана окуучулары катышышты.

Бул күнкү иш-чарада мектеп окуучулары тазалык, анын ичинде даараткананы талапка ылайык салуу, аны таза колдонуу тууралу атайын даярдалган сценкаларды коюшуп, ыр, оюн-зоок жана сүрөт тартуу өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Белгилей кетсек, 2002-жылы биринчи жолу дааратканаларынын өзгөчө тазалыгы менен белгилүү болгон Сингапурда бүткүл дүйнөлүк даараткана күнү белгиленген. Азиядан, Европадан жана Түндүк Америкадан келген 17 улуттук дааратканалар ассоциациясынын өкүлдөрү, 200дөн ашык делегаттар учурдагы маселелерди талкуулоо жана ажаткананы өнүктүрүүнүн жаңы концепцияларын изилдөө боюнча жолугушкан. Жолугушуунун жыйынтыгында бүткүл дүйнөлүк даараткана уюму түзүлгөн.

Ооба, майда, бирок чоң мааниге ээ болгон көпчүлүктүн үйүндөгү ажатканасынын талаптарга жооп бербегени, же андагы саркынды суулардын коопсуз жерге чыгаруу иши оң жолго коюлбаганы бир топ маселени жаратат. Атайын адистердин билдиргенине караганда, дүйнө жүзү боюнча мектептердин үчтөн биринде да талапка жооп бере турган ажаткана жок.

Окуучулар мектептеги жетишсиз шарттардан улам ажаткананы колдонгондон кийин колун жууй албай, тазалыктын жана гигиенанын начардыгынан пайда болгон ич өткөк оорусунан зыян тартып келишет. Айылдык кеңешинин депутаты Алиева Шайыгүл

Анда АРИС уюмунун Бүткүл дүйнөлүк банк каржылаган «Айылдарды туруктуу таза суу менен камсыздоо жана санитарияны өнүктүрүү» долбоорунун алкагында Боз-Бешик айылында бир катар иштер аткарылып жатканы белгиленди. Учурда айыл тургундарынын ар бир кожолугу таза суу менен камсыздалып, мектептерде ички санитардык бөлүмдөрүн реабилитациялоо иштери жүрүп жатканы да айтылды.

Back to group

This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation

Your Priorities on GitHub

Check out the Citizens Foundation website for more information