Улан-кыздарды стажировкага кабыл алууну жарыялайбыз

Улан-кыздарды стажировкага кабыл алууну жарыялайбыз

Көптөн бери ылайыктуу жумуш издеп жатасызбы? Сиз иштеген жумуштун айлык маянасы канааттандырбай жатабы? Өз сүйгөн кесибиңиз менен алектенгиңиз келеби? 🤩🤩🤩 Сизди кызыктырган компанияда иштеп, ал үчүн 17 000 сом алууну каалайсызбы? 🤗 Анда сиз үчүн мыкты сунуш бар! Мындай мүмкүнчүлүк эч качан болгон эмес! Бир гана Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарындагы CASA1000 линиясынын 18-34 жаштагы тургундары төмөндөгү кесиптер боюнча стажировка өтүүгө мүмкүнчүлүк алышат: 🔸Электрик (электромонтер, автоэлектрик) 🔸Тигүүчү (оверлок менен тигүү, түздөп тигүү, кийим тигүүчү, кийим тигүүнүн технологу); 🔸 Чач-тарач; 🔸Ширетүүчү (газ менен ширетүүчү, электр тогу менен ширетүүчү); 🔸Агроном; 🔸Компьютер оңдоочу мастер 🔸Сантехник; 🔸Куруучу (там көтөргүч, бетон даярдоочу, майлоочу, там шыбагыч, тамдын төбөсүн жапкыч, ички жасалгалоо иштери); 🔸Официант; 🔸Ашпозчу (ысык цехтеги, жонокой цехтеги, кондитер, технолог); 🔸Техникалык тейлөө жана машиналарды оңдоо (автомобилдерди, тракторлорду жана айыл чарбалык машинелерди, машиненин чанагын оӊдогуч, автослесарь, автомеханик); 🔸Гид-экскурсовод; 🔸Кенседе (ишканаларда) колдонуучу программалар; 🔸Веб дизайн; 🔸Графикалык дизайн (Photoshop, Corel ж.б.) 👉🏻 Стажировканын кандай артыкчылыктары бар? ⚡️ Ар бир стажёр 17 000 сом сый акы алуу мүмкүнчүлүгү; ⚡️ Өз сүйгөн кесибинде тажрыйба алуу; ⚡️ Өзүн мыкты көрсөткөн стажерлорду жумуш орун менен камсыздоо. ☎️ Катталуу үчүн 0558 08 05 57 байланыш номерине өзүңүз жөнүндө маалымат жөнөтүңүз: ➡️ФИО ➡️Жашыңыз ➡️Жашаган жериңиз ➡️Кесибиңиз Кабыл алуу 20.05.2022 чейин болот. ‼️ Шашылыңыз! Орундар чектелген! 🙌🏻 _________________________ «АРАКЕТЧИЛ» долбоору Япония Өкмөтү тарабынан Дүйнөлүк Банк менен өнөктөштүктө каржыланып, Ага Хан Фондунун «Кыргызстандын тоолуу аймактагы жамааттардын өнүгүүсүн колдоо программасы» коомдук фонду тарабынан ишке ашырылууда

Points

IT тармагына кызыгам

Компьютердик курсту буттум . Эми ушул тармакта иштоо

ITтармагына кызыгып жатам,бирок эми окуйм

IT кенселерде иштоо

IT кенселерде иштоо

Дароо эле иштеп кетсе болбойбу бизде стаж бар

Back to group

This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation

Your Priorities on GitHub

Check out the Citizens Foundation website for more information