"Жаш Аракетчил" жарманкеси

"Жаш Аракетчил" жарманкеси

📍Ош шаарында 29-апрель күнү Токтогул атындагы паркында мектеп бүтүрүүчүлөрү жана студенттер үчүн "Жаш Аракетчил" жарманкеси болуп өттү Жарманкенин катышуучулары бош орундар жөнүндө, ишканалардын өкүлдөрүнүн байланыш номерлери тууралу маалымат алышты жана келечектеги иш берүүчүлөр менен бетме-бет сүйлөшүштү, ошондой эле резюмеси менен келгендер ошол эле жерде компанияларга калтырышты 🎯 Иш-чаранын максаты жаштарга жумуш берүүчүлөр менен түздөн-түз байланышуу аркылуу аларга ылайыктуу жумуш издөөгө жардам берүү болгон. Бул максат ишке ашты, жарманкеге катышкан 1000ден ашуун адам 42ден ашык ишканалар менен таанышып, кызыктыргран суроолорун бере алышты Ошондой эле биздин курстарды өтүп жаткан окуучуларыбыз өз эмгектерин көргөзүштү: 🧶 Өзүлөрү тиккен кийимди - тигүүчүлөр 🧑🏻‍🍳 Тамак-аш жана нан азыктарын - ашпозчулар көрсөтмө кылышты. Жарманке Youth of Osh, Ош мериясы жана ЖИА Ош менен өнөктоштүктө уюштурулган _________________ «АРАКЕТЧИЛ» долбоору Япония Өкмөтү тарабынан Дүйнөлүк Банк менен өнөктөштүктө каржыланып, Ага Хан Фондунун «Кыргызстандын тоолуу аймактагы жамааттардын өнүгүүсүн колдоо программасы» коомдук фонду тарабынан ишке ашырылууда

Points

Back to group

This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation

Your Priorities on GitHub

Check out the Citizens Foundation website for more information