Кызыл-Жылдыз АА. Бизнес-өнөктөштөр үчүн жарыялоо

Кызыл-Жылдыз АА. Бизнес-өнөктөштөр үчүн жарыялоо

АРИСтин АИД-3 кошумча каржылоо долбоорунун алкагында бизнес өнөктөштөрдү кызматташууга чакыруу. Урматтуу Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айыл аймагындагы бизнес өнөктөштөр, Айылдын коомчулуктарынын инвестициялык ассоциациясы АРИСтин АИД-3 КК долбоорунун алкаганда баардык кызыктар тараптарды төмөнкү багыттагы Кошумча нарк чынжырчалары боюнча экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кызматташууга чакырат КНЧ: Сут, эт, дан эгиндери, кол онорчулук, бал багыты боюнча. Кызматташуу - жергиликтүү коомчулуктун киреше булактарын колдоо боюнча бизнес долбоорлорду ишке ашырууда АКИАнын, Айыл өкмөтүнүн жана АРИСтин өнөктөшү катары экономикалык долбоорлордо катышуудан турат. Бизнес өнөктөш өзүнүн сунушун бизнес план катары иштеп чыгат. Жергиликтүү коомчулук тарабынан колдоого алынган жана долбоордун талаптарына жооп берген сунуштар АРИС тарабынан каржыланат. Бул айыл аймагы үчүн АРИС тарабынан экономикалык долбоорду каржылык колдоонун көлөмү 41 000 доллардын чегинде болушу мүмкүн. Кызыктар тараптар бизнес долборунун резюмесин жана кызыктар катын 2023-жылдын 10-мартына саат 16-00 го чейин тапшыруу керек, тапшыруу үчүн шилтеме аркылуу өтүңүз https://docs.google.com/d… кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү даректер менен байланышыныздар. Ватсап: __________0703505646_________________________ Тел.: __________0703505646______________________ Эл.почта: [email protected]_____________________ Адрес: ______Кызыл-Жылдыз айылы, И.Модубаев кочосу №13

Points

Погрузчик болбосо комбайн болбосо трактор алыш керек болгон шаймандары менен ал болбосо бука, бука болбосо токарный цех, ал болбосо не алабыз дээги 👂

Техника эле алалы ошенкиле силердагы

Кафе ачалык же сто

Айыл учун трактор керек

Ассалому алейкум, айыл элинин кызыкчылыгын ойлосонуздар айылга "ПОГРУЗЧИК" керек. Бирок бул техниканы алганга болбойт деп жатасыздар ,анда жеке кызыкчылык үчүн бул акча иштелсе айылга эч кандай пайдасы тийбейт жеке эле айылга эмес мамлекетке дагы пайдасы тийбейт???

Back to group

This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation

Your Priorities on GitHub

Check out the Citizens Foundation website for more information