Кара-Ункүр айылынын артыкчылыгын тандоо

Кара-Ункүр айылынын артыкчылыгын тандоо

Сиздин айылыңызда фокус-топтордун жардамы менен айылдын артыкчылыктуу багыттары аныкталды, сунушталган тизмеден Кошумча нарк чынжырчасынын жана социалдык инфратүзүмү боюнча артыкчылыктардын тандоосун баштайбыз. Айылдын онлайн-порталында сунушталган багыттар тууралуу өз пикириңизди калтырыңыз. ✔️Кара-Ункүр-1 кочосун асфальттоо; ✔️Кара-Ункүр -1 кочосун жарыктандыруу; ✔️Кийим тигуу өндүрүшү; ✔️Дан өсүмдүктөрү; ✔️Эт. ❗❗❗Онлайн-порталда пикир калтыргандан кийин, бул шилтемеге кирип добушуңузду бериңиз 🔴👉http://rep.aris.kg/CSP/100AA/COMB/?opid=1445 💡СИЗДИН ПИКИР АБДАН МААНИЛҮҮ!

Points

Кара-Ункурго асфальт ото срочно биринчи очуротто керек жолдор жаман машнелерди ай сайын ходовой кыла берип тажадык

Жолду асфальттонун бир канча пайдалуу жагы бар. 1. Заман талабы 2. Автоунанын бузулуусун 2 эсе азайтат. 3. Кун сайын дем алып жаткан чан абанын азайышына алып келет. Демек ден соолукка пайда. Жол жээгиндеги бак-дарактардан момо-жемиш жеген балдар коптогон ооруларга дуушар болот. Келечегибиз ге да зыян келтирип жатат.

Кара-Ункур айылын асфальттоодо окуучуларга мектепке каттаганда да жамгырда да кыйла женил болот. Биздин айыл ак топурак болгону учун жамгырда кыйынчылык коп болот эгер асфальт болуп калса техникаларга да женил болот эле.

Кара-Ункур делай💪

Кара Ункур жолун асфальт кылса ото сонун болмок, коптогон жылдар бою унаалар таштак жолдо журот, чан сапырылып айыл тургундары жана жаш балдар чан жутуп келет.

Кара-Үңкүр айылынын негизги көйгөйлөрүнүн бири жолду асфальттоо. Эгер жолубуз асфальт болуп калса, кошуна айылдардын да техникалык каттамы жакшырып, жол жээгинде жайгашкан үйлөр да чаңдан оолак болуп калат. Окуучуларыбыз алыс жолдордон жаан-чачындарда ылай болбой мектепке таза тыкан болуп келип калат. Жолду асфальттоо эң жакшы долбоор. Кара-Үңкүр айылынын тургундары баарыбыз ушул долбоорду колдойбуз. АРИС ке алдын ала терең ыраазычылык билдиребиз.

Кара-Ункур айылын асфальттоодо окуучуларга мектепке каттаганда да , жамгырда да кыйла женил болот. Биздин айыл ак топурак болгону учун жамгырда кыйынчылык коп болот эгер асфальт болуп калса техникаларга да женил болуп калат.

Кара Үңкүр айылына жолду асфальтоо өтө зарыл маселелердин бири,себеби бизди айылдык асфальтоо болсоң коңшу айылдага дагы каттоо оңой болуп,жакын да болот.Жол четиндеги үйлөргө да чаң кирбей,окуучуларыбыз болсо мектепке таза жол менен баруу маселелери чечилет.

Айылыбызды асфальтоо биздин келечектеги муундарыбыздын ден соолугуна ото пайда. Машинанын чанынан да кыйла арылабыз.Кундо дем алып жаткан абабыз да тазарып оорулар азаят деп Мен ушул долбоорду колдойм.

Кара-Ункур айылын асфальто зарыл себеби чан Ден соолугубузга зыяны тийип жатат , машиналар бат эле бузулуп калтат!!!

Кара-Үңкүр айылындагы жолду асфальттоо өтө маанилүү. Жолубуздун акыбалы жылдан жылга начарлап бара жатат. Мунун кесепетинен аба булганып, айыл тургундарынын ден-соолугуна терс таасирин берүүдө. Жана да жолдун асфальт болуусу азыркы замандын талабы. Бул бир гана Кара-Үңкүр тургундары үчүн эмес, 1-Май, Ажек, Совет Сай жүргүнчүлөрү үчүн да жакшы болмок эле.

Жж

Жол жээгиндеги бак-дарактардан момо-жемиш жеген балдар коптогон ооруларга дуушар болот. Келечегибиз ге да зыян келтирип жатат.

Кара-Үңкүр айылындагы негизги жолдун асфальт болуусу жашоочулардын жашоо шартын жакшыртат.Жол боюндагы жашагандардын,окуучулардын мектепке барып келүүсүндөгү кыйынчылыктар азаят.Башка айылдар менен катташуу оңолот.Айылдын экологиялык абалы жакшырат,анткени машиналардын жүрүшүндөгү чаң азаят.

Back to group

This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation

Your Priorities on GitHub

Check out the Citizens Foundation website for more information